Commons:Contact us/Problems/ky


Көйгөйлөр
Викиказынадагы файлдар жана барактар, анын ичинде автордук укук менен көйгөйлөр

Колдонуу
Файлдарды башка жерде, мисалы, басылмаңызда же сайтыңызда кантип колдоно алсаңыз болот

Колдонуучулар
Викиказынанын белгилүү бир колдонуучулары менен кантип байланышса болот

Демөөрчүлөр
Демөөрдү кантип берсе болоорун жана демөөрүңүз эмнеге жумшаларын билип алыңыз

Басма сөз
Басма сөз өкүлү болуп, Викиказына менен байланышкыңыз келсе же биз үчүн кызматташуу сунушуңуз бар болсо


Маселе жараткан файлдар тууралуу билдирүү

Көйгөй тууралуу билдиргениңизде маселе жараткан сүрөттөргө (же барактарга) шилтеме берип, маселени толук түшүндүрүп бериңиз.

Автордук укуктун бузулушу

Балдардын кабыл алынгыс сүрөттөрү

Балдардын кабыл алынгыс сүрөттөрү тууралуу Викимедиа фондунун legal-reports@wikimedia.org электрондук почтасы аркылуу билдирсе болот. Маселе жараткан файлга шилтеме кошуп коюңуз. Кабыл алынгыс болушу мүмкүн материалдарды жамааттын мүчөлөрү тарабынан жүктөп алууну же архивдөөнү жактырбайбыз.

Сизди чагылдырган сүрөттөр

Сизди чагылдырган сүрөт же видео макулдугуңузсуз колдонулуп жатканын байкасаңыз же андай файлды жок кылууну сурангыңыз келсе:

  • Тез жардам алуу үчүн колдоо командасына кайрылсаңыз болот: info-commons@wikimedia.org *.

Файл жок кылынат деп кепилдик бере албайбыз. Адатта, коомдук эмес жерде жасалып, субъекттин жеке жашоонун кол тийбестигине болгон укугун бузган материалдар жок кылынат.
Сылык жок кылуу сыяктуу башка жок кылуу өтүнүчтөрү азырынча бирдиктүү саясат менен жөнгө салынбагандыктан ар бир учурда өз-өзүнчө каралат.

Сайтка же колдонуучуларга тиешелүү маселелер тууралуу билдирүү

Колдонуучунун көйгөйлүү жүрүм-туруму тууралуу билдирип, администратордон чара көрүүнү (жогоруда келтирилген учурлардан тышкары) өтүнүү үчүн info-commons@wikimedia.org * электрондук почтасына же администраторлорго кайрылуу барагына жазсаңыз болот.

Техникалык маселелер

Сайтты колдонуу боюнча жардам же маалымат алуу үчүн "кош келиңиз", "көп берилүүчү суроолор" барактарыбызга баш багыңыз же жардам тактабызга билдирүү калтырыңыз.

  • Аккаунт түзө албай жатсаңыз, info-commons@wikimedia.org * электрондук почтасына жазсаңыз болот.

* Бул ыктыярчылар тарабынан тейлеген расмий эмес, бирок тез жана тымызын байланыш ыкмасы.